Кыргызстандык рефери Азия чемпиондор лигасынын плей-офф оюнын тейлейт
Башкы арбитр Медербек Тайчиев 1/8 финал оюнуна судьялык кылуучу бригаданы жетектейт, ал жерде австралиялык «Макартур» клубу менен Таиланддагы «Бангкок Юнайтед» командасы беттешет. Ага Исмаил Талипжанов жана Элдос Мурзабеков жардамдашат.
Оюн 19-февралда Сиднейдеги Campbelltown стадионунда өтөт, башталышы Бишкектин убактысы боюнча 13:45ке пландалган.
12-февралда өткөн биринчи беттеште «Бангкок Юнайтед» 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.