Караколдо лыжа спорунан мелдештер өттү
11-февралдан 13-февралга чейин Каракол шаарындагы тоо лыжа базасында 2008-2015-жылдар аралыгында төрөлгөн жаш спортчулар үчүн мелдештер өттү.
Бул мелдештерге Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарынан жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунан келген алты командадан 110 лыжачы катышты.
Караколдогу ДЮСШнын «Каракол №1» командасы жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээлеп, эң көп упай топтоп, 220 000 сомдук баш байгени жеңип алды.
Экинчи орун Нарын шаарындагы ДЮСШ «Ала-Тоо» командасына тийиштүү болуп, 170 000 сом тапты.
Үчүнчү орунду кышкы жана оюн спорт түрлөрүнө адистешкен Ысык-Ата ДЮСШ командасы 110 000 сомдук байгеси менен алды.
Каракол ДЮСШ төртүнчү орунду 50 000 сомдук сыйлык менен ээлеп, орун алды.
Бешинчи орун Тогуз-Торо командасына тийиштүү болуп, алар да 50 000 сом алышты.
Бул мелдештердин жалпы байге фонду 600 000 сомду түздү.
Дагы окуңуз:
Караколдо тоо лыжасы боюнча кышкы оюндардын жеңүүчүлөрү аныкталды
11-февралдан 13-февралга чейин Караколдогу тоо лыжа базасында 2008–2015-жылдары туулган спортчылар...