Таласта милиция кызматкерлеринин арасында самбо боюнча турнир өттү
Бул тууралуу маалымат агенттиги облустук милициянын басма сөз кызматына шилтеме берип билдирди.
Алынган маалыматтарга ылайык, мелдештерге Талас облусунун милиция кызматкерлери катышып, ар кандай салмак категорияларында: 64, 71, 79, 88, 98 жана 98+ кг боюнча күч сынашты.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча, мыкты натыйжаларды көрсөткөндөргө медалдар жана грамоталар тапшырылды.