Сорундарга Бишкек жана ар түрдүү облустардан: Бишкек, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан болжол менен 250 жаш спортчу катышты. Турнирдин негизги максаты Кыргызстандагы үстөл тенниси боюнча жаштар улуттук курамын түзүү болду.
Ысык-Көл облустук физкультура жана спорт башкармалыгынын маалыматына ылайык, иш-чара үстөл тенниси федерациясы менен кызматташтыкта өткөрүлдү. Негизги күрөшүнүн натыйжасында, пьедесталдагы орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
| Орун | Жигиттер | Кыздар |
| I орун | Бишкек | Бишкек |
| II орун | Ысык-Көл облусу | Ош облусу |
| III орун | Чүй облусу | Ысык-Көл облусу |