14-февралда «Алга» футболчулары Ферганадан келген Өзбекстандын учурдагы чемпиону «Нефтчи» менен беттешти.
Оюн 6:2 эсебинде узбек командасынын пайдасына аяктады. «Алга» командасынан голдорду Евгений Терзи жана Кай Мерк киргизишти.
Бул жеңилиш «Алга» үчүн ушул жыйында биринчи болду, андан мурун команда эки жеңишке жетип, бир оюнду тең чыгышкан.
«Нефтчи» тууралуу айтканда, бул кыргыз командаларына каршы алардын экинчи жеңиши: мурун алар Караколдун «Барс» командасын 4:1 эсебинде жеңишкен.
Бул публикацияны Instagramда көрүү
Публикация Профессионалдык футбол клубу «Алга» (@pfcalga) тарабынан