
Архивден алынган сүрөт. Кыргызстандык Тимур Шакиров Италиядагы Олимпиадада 62-орунду алды
Өткөн күнү аяктаган мелдешке 81 спортчу катышты.
Биринчи аракетте Тимур 1 мүнөт 29,52 секунд убакыт көрсөткөн, бул ага 67-орунду ээлеүүгө мүмкүнчүлүк берди. Экинчи аракетте ал өзүнүн натыйжасын жакшыртып, 1 мүнөт 22,5 секундда финишке чыгып, 63-орунду алды.
Ошентип, эки аракеттин жыйынтыгы боюнча биздин спортчу 62-орунду ээледи.