
Кыргызстандын аялдар футбол командасында машыктыруучулар курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол ассоциациясы (КФС) маалымдады.
Маалыматка ылайык, команданын жаңы башкы машыктыруучусу испандык адис Антонио Месса болду.
«Бул чечим КФСтин аткаруу комитетинин 10-февралда өткөн жыйынында кабыл алынды. Мурда бул кызматты Нематжан Закиров ээлеп келген. Месса ошондой эле 2025-жылдын февралында баштаган U-17 аялдар командасын башкарууну улантат», — деп белгиленген расмий билдирүүдө.