
Италияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Өкмөтүнө караштуу Физикалык маданият жана спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Италиянын спорт жана жаштар саясаты министри Андреа Абоди менен жолугушту.
Жолугушуунун катышуучулары спорт тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде биргелешкен долбоорлор, тажрыйба алмашуу жана спортчуларды даярдоо сыяктуу аспектилерди талкуулашты.