Бусурман Жумагул чемпиондук белет үчүн АКШда мушташат. Видео

Арестова Татьяна Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстандык спортчу Бусурман Жумагул (4-0) АКШдагы чемпиондук белет үчүн маанилүү беттешке даярданып жатат.

Cage Fury Fighting Championships турнири, CFFC 150: Zhumagul vs. Morrison деп аталган, 7-февралда эртең менен Филадельфия, Пенсильвания штатында өтөт.

Кеченин негизги беттешинде Бусурман америкалык Дэниэл Моррисон (7-2) менен жолугушат. Беттештин жыйынтыгында 77 кг салмак категориясында лиганын бош чемпиондук наамы коюлат.

Азыркы убакка чейин Бусурман Жумагул CFFC лигасында төрт беттеш өткөрүп, алардын ар биринде жеңишке жетишти.

Турнирдин алдын ала кард 6:00 Бишкек убактысы боюнча башталат, ал эми негизги кард 7:30да старт алат.
VK X OK WhatsApp Telegram