Анталияда команда Россиядан келген коргоочу Владислав Микушин менен келишим түзгөнүн жарыялады.
24 жаштагы Микушин 2015-жылы Томскте карьерасын баштаган, андан кийин «СДЮШОР Лидер» клубунун жюниордук командаларында жана Казандык «Рубин» клубунда ойногон.
«Рубин» Владислав үчүн биринчи профессионалдык клуб болсо да, ал анда бир дагы оюн өткөргөн эмес. Анын ордуна, ал «Факел» (Воронеж), «Нефтехимик» (Нижнекамск) жана Ленинград облусунун «Ленинградец» клубуна ижарага берилген.
Кийинчерээк коргоочу Красноярсктагы «Енисей» жана Москвадагы «Торпедо» клубдарында ойногон, андан кийин «Ленинградец» клубуна кайра келип, «Бишкек Сити» менен келишим түзгөн.
Владиславдын активинде Россиянын (U-18) курама командасында 13 оюн жана 1 гол, ошондой эле (U-19) курама командасында 5 оюн жана 1 гол бар.
Бул публикацияны Instagramда көрүү
Публикациядан ?? ??????? ???? (@fcbishkekcity)