У күрөшчүлөрдүн Олимпиадага тандоо системасы өзгөртүлдү
Жаңы тандоо системасы 2028-жылы Лос-Анджелесте өтө турган Олимпиадалык оюндардан баштап колдонулат.
18 олимпиадалык салмак категориясы боюнча 16 лицензия ойнолот. Спортчулар лицензияларды төмөнкү жыйынтыктар боюнча жеңип алышат:
- 2027-жылдагы дүйнө чемпионаты
- континенттик турнилер
- дүйнөлүк тандоо.
Биринчи этап — дүйнө чемпионаты (72 лицензия)
2027-жылдагы дүйнө чемпионатында 72 лицензия бөлүнөт, аларды олимпиадалык салмактарда 1, 2 жана эки 3-орунду ээлеген призерлер алышат.
Экинчи этап — UWW рейтингиси (54 лицензия)
Дүйнө чемпионатынын аяктоосунан кийин ар бир салмак категориясында үч лицензия дүйнөлүк рейтингде эң жакшы орундарды ээлеген спортчуларга берилет, алар лицензияларды чемпионатта жеңип ала албаган өлкөлөрдү көрсөтөт.
UWW рейтингин түзүүдө Олимпиадага чейин өтүүчү жети негизги турнир эске алынат:
- 2027-жылдагы континенттик чемпионаттар
- 2027-жылдагы рейтингдик мелдештер сериясы (үч турнир)
- 2027-жылдагы дүйнө чемпионаты
- 2028-жылдагы рейтингдик мелдештер сериясы (бир турнир)
- 2028-жылдагы континенттик чемпионаттар
Үчүнчү этап — континенттик деңгээлде тандоо (Европа, Азия, Панамерика, Африка жана Океания).
Бул турнилерде ар бир салмак категориясында эки лицензия ойнолот.
Төртүнчү этап — дүйнөлүк тандоо
Дүйнөлүк квалификациялык турнире ар бир салмак категориясында жеңүүчүлөр 18 квота ала алышат.
Бул этапка мурдагы үч этапта квота ала албаган өлкөлөр гана катыша алышат.
Рейтингдик мелдештерге катышуу эрежелери
Ар бир өлкө ар бир салмак категориясында максимум эки күрөштү көрсөтүүгө укуктуу.