Кыргызстандыктар Ташкенттеги ММА турниринде ийгиликсиз чыгыш кылышты
OCTAGON 84 аталышындагы иш-чара 1-февралда Өзбекстандын борбору Ташкентте өттү. Турнирдин алкагында 17 беттеш өткөрүлүп, анда Кыргызстанды үч өкүл катышты.
Турусбек Нурланбек уулу (2-1) карьерасындагы биринчи жеңилишин башынан өткөрүп, Өзбекстандын Анваржон Гоибовун (3-1) судьялардын чечими менен жеңди.
Анарбек Орозбеков (1-1) жана Бакытбек Дуйшобай уулу (10-9) дагы жеңишке жетише алышкан жок, беттештерин биринчи раундда нокаут менен жыйынтыкташты.