Бишкекте судьялар үчүн окуу-даярдык жыйындар өттү
27-29-январь күндөрү Кыргыз футбол союзунун (КФС) Улуттук академиясынын базасында судьялар үчүн окуу-даярдык жыйындары өттү.
КФСтин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, бул иш-чара Кыргызстандагы футзал чемпионатынын экинчи айлампасына даярдык көрүү максатында уюштурулган. Жыйындарга 29 судья жана 3 инспектор катышты.
Окуу программасы теориялык лекциялар менен практикалык машыгууларды камтып, физикалык даярдыкка өзгөчө көңүл бөлүндү. Теориялык бөлүктө судьялар оюн эпизоддорун, кармаштарды, кол менен ойногон учурларды жана тактикалык фолдорду талдашты. Ошондой эле, КР Суперлигасынын биринчи айлампасындагы матчтардын талдамы жүргүзүлдү.
«Бул жыйындар судьялардын даярдык деңгээлин баалоого, талаштуу учурларды талкуулоого жана оюндарды терең анализдөөгө мүмкүндүк берди, бул экинчи айлампада судьялык сапатты жакшыртуунун негизин түзөт», - деп айтылат билдирүүдө.