Кыргызстан жана Индонезиянын курама командалары мурда кандай ойногон? Көз карандысыз шолу
Бул оюн Азия Кубогунун группалык этабынын экинчи турунун бир бөлүгү болуп, Джакартта, Бишкектин убактысы боюнча 18:00дө өтөт.
Индонезия курама командасы үчүн бул Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө катышуусунун онунчу жолу. Команданын эң жакшы натыйжасы 2022-жылы Кувейтте жетишилген, анда индонезиялыктар группадан өтүүгө жетишкен.
Акыркы дүйнөлүк рейтингге ылайык, индонезиялык команда 24-орунду ээлеп турат, ал эми 2025-жылдын апрелинде 21-орунда болгон.
Улуттук курама командалар деңгээлинде бул эки команда үч жолу беттешкен. Кыргызстандын активинде бир жеңиш, бир жеңилүү жана бир теңчилик бар.
2003-жылы Азия Кубогунун группалык этабында алар 3:3 эсеп менен тең чыгышкан.
2007-жылы командалар Макаода өтүп жаткан Жабык жайдагы Азия оюндарына катышып, анда индонезиялыктар 3:2 эсебинде жеңишке жетишкен. Кыргызстандын курама командасында Махаил Сундеев жана Марат Дуванаев мыкты оюн көрсөтүштү.
Кийинки беттеш 2008-жылы Тайландда Азия Кубогунун группалык этабында болуп, кыргызстандыктар 5:1 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишкен. Азамат Мендибаев дубль жасап, Данияр Абдыраимов, Марат Дуванаев жана азыркы команда тренери Нуржан Джетыбаев да гол киргизишкен.