Citius, altius, fortius. Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерине арналган спорттук реалити-шоу башталат

Наталья Маркова Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы спорттук реалити-шоусу башталат. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Казыбек Молдажиев Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди.
Архивдик сүрөт. Шоунун катышуучулары өлкөнүн спорт менен активдүү алектенген жетекчилеринин үлгүсүнөн дем алышат
Молдажиевдин айтымында, башында спорттук даражалары жок жана, балким, спорт менен эч качан алектенбеген он бюджеттик мекеменин кызматкерлеринин арасынан тандоо жүргүзүлөт.

«Биз аларды спорт менен алектенүү үчүн бардык керектүү нерселер менен камсыз кылабыз: туруктуу медициналык текшерүүдөн тартып, инвентарга жана витаминдерге чейин. Аларга чуркоону, сүзүүнү жана велоспортту үйрөтөбүз», — деди ал.

Проект мартта башталып, сентябрга чейин уланат. Мамлекеттик мекемелерде беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар 28ден 38 жашка чейинки жарандар катыша алышат.

Катышуу үчүн арыздар 1-февралдан 15-февралга чейин кабыл алынат, эркектер жана аялдар өз документтерин тапшыра алышат. Тандоо аяктагандан кийин катышуучулар үчүн алардын жумуш графиктерин эске алган жеке машыгуу планы иштелип чыгат.
VK X OK WhatsApp Telegram