Клубдун пресс-кызматынын маалыматына ылайык, командага 11 жаңы оюнчу кошулду.
Жаңы сезондо «Нефтчи» үчүн дарбазачы Артем Белый жана коргоочулар Акрам Умаров, Алмаз Маликов, Харуки Ямамура, Сардор Хурсандов жана Сарвар Аблаев оюн көрсөтөт. Ортоңку талаа оюнчулары Дадахон Юсупов, Собит Синдаров, Жавохир Алижанов, Николоз Башелейшвили жана чабуулчу Михейли Эргемлидзе да команданын катарын толуктады.
Мындан тышкары, клуб бир нече негизги оюнчулар менен келишимдерин узартты. Дарбазачы Мелис Таштанов, коргоочулар Александр Бакер жана Аброрбек Аскаров, ортоңку талаа оюнчулары Элдар Таштемиров жана Манас Карипов, ошондой эле чабуулчу Дастанбек Токтосунов командада кала берет.
Эскерте кетсек, өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча «Нефтчи» 11 оюнчуну, анын ичинде башкы машыктыруучу Анатолий Власичевди жоготту.
Бул публикацияны Instagramда көрүңүз
FOOTBALL CLUB «NEFTCHI» ?? (@pfcneftchikg) тарабынан публикация