Кыргызстандын жаштар хоккей командасы дүйнө чемпионатында үчүнчү жеңишине жетти
Бишкекте хоккей боюнча үчүнчү дивизиондун дүйнө чемпионаты (B тобу) өтүп жатат, анда Кыргызстан жаштар курамы (U-20) үчүнчү жеңишине жетишти.
Мамлекеттик физикалык маданият жана спорт агенттигинин маалыматы боюнча, 21-январда турнирдин үчүнчү турунда кыргызстандыктар Иран командасы менен беттешип, 15:1 эсебинде таасирдүү жеңишке жетишти.
Үч оюндан кийин Кыргызстан жаштар командасы турнирдик таблицанын жогорку жагында, 9 упай менен ишенимдүү лидерлик кылууда.
Кыргызстан командасынын кийинки оюну 22-январда саат 20:00дө Люксембургга каршы өтөт.