Дүйнө чемпионаты (U-20) Бишкекте: Бүгүн Кыргызстан курамасы Люксембург менен ойноп жатат

Сергей Мацера Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Бүгүн, 22-январда, Кыргызстандын жаштар курагынын хоккей командасы дүйнө чемпионатынын (U-20) алкагында оюн өткөрөт.

Үчүнчү дивизиондун (В тобу) мелдештери Бишкектеги «Номад Арена» муз аянтында өтүүдө.

Төртүнчү туурда Кыргызстандын командасы Люксембург менен беттешет, оюн 20:00дө башталат.

Үч туурдан кийин кыргызстандыктар 9 упай менен биринчи орунду ээлеп турушат, ал эми Люксембург 6 упай менен экинчи орунда турат.

4 туурдун оюндардын расписаниеси, 22-январь:

13:00 Гонконг - ЖАР

16:30 Иран - Мексика

20:00 Люксембург - Кыргызстан
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: