Жаштар арасында хоккейден дүйнө чемпионаты. Кыргызстан курамасы Иранды талкалады
Турнирдин үчүнчү турунда Кыргызстандын командасы мыкты оюн көрсөтүп, Иран командасын 15:1 эсебинде жеңди.
Бул оюнда мыкты оюн көрсөтүштү: Алихан Али-Аскаров (4 гол), Умар Эгембердиев (3 гол), Егор Лещенко (3 гол), ошондой эле Умар Усенов, Баяман Жолдошбеков, Шер Шамшыбеков, Элмир Уранкаев жана Дмитрий Шумаков.
Алихан Али-Аскаров оюндун мыкты оюнчусу деп табылды.
Турнирдин алкагында кыргыз командасы Гонконг (4:1) жана Түштүк Африка Республикасы (7:2) командаларын жеңип, учурда группа боюнча биринчи орунду ээлеп турат.
Чемпиондук наам үчүн жана 3А дивизиона өтүү үчүн Кыргызстандын, Мексиканын, Люксембургдун, Түштүк Африканын, Ирандын жана Гонконгдун командалары күрөшүүдө.
Кыргызстандын командасы кийинки оюнду 22-январда Люксембургга каршы өткөрөт.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Дүйнө чемпионаты (U-20) Бишкекте: Кыргызстан Иранды 15:1 эсебинде жеңди
Жаштар хоккей командасы Кыргызстандын үй чемпионатында (U-20) ийгиликтүү оюн көрсөтүүнү улантууда,...
Без изображения
Дүйнө чемпионаты (U-20): Кыргызстан курама командасы Гонконгду жеңди
Кыргызстандын 20 жашка чейинки хоккей боюнча курама командасы 18-январдан Бишкекте өтүп жаткан...