КФС үч турнирдi Кыргызстанда өткөрүү үчүн арыз берет
КФСнин маалымат кызматынан билдиришкендей, 17 жашка чейинки эркектер жана аялдар арасында, ошондой эле 20 жашка чейинки эркектер арасында Азия Кубогунун тандоо оюндары өткөрүлөт.
Өткөн жылы Бишкекте U-17 жана U-23 Азия Кубогуна тандоо оюндары өткөнүн эске салабыз.
Кыргызстандын жаштар командасы (U-23) өзүнүн тандоо турниринде биринчи орунду ээлеп, Азия Кубогунун финалдык этабына чыкты.