«Реал Мадрид» Хаби Алонсо «Барселонага» жеңилгенден кийин жумуштан кетирди
Бул чечим тараптардын өз ара макулдугу менен кабыл алынганы белгилүү болду.
Алонсо командага 7 ай жетекчилик кылды.
Анын жетекчилигинде «Реал» ар түрдүү турнирлерде 34 оюндун 24үндө жеңишке жетип, 4 жолу тең эсеп менен, 6 жолу жеңилип калды.
Бул убакыт ичинде команда 61 гол киргизип, 30 гол жеп алды.
Башкы машыктыруучу кызматында Хаби Алонсо Альваро Арбелоа менен алмашат.
Дагы окуңуз:
"Манчестер Юнайтед" Рубен Аморимди кызматтан кетирди
"Манчестер Юнайтед" Рубен Аморимди башкы машыктыруучунун кызматтан кетиши тууралуу...