Испаниянын Суперкубогу финалында кайрадан «Барселона» жана «Реал» ойноп жатышат

Наталья Маркова Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Испаниянын футбол боюнча Суперкубогу үчүн чечүүчү беттеште кайрадан «Барселона» жана «Реал» командасы беттешет.

Жарым финалдык оюндар 8 жана 9-январда Сауд Аравиясында өттү.

Биринчи беттеште «Барселона» «Атлетикти» 5:0 эсебинде жеңип чыкты. Андан кийин «Реал» «Атлетикодон» минималдуу 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Финалдык оюн 12-январь түнүндө Джиддада белгиленген.

Бул «Барселона» жана «Реал» командаларынын Испаниянын Суперкубогунун финалында подряд төртүнчү жолу жолугушуусу болот. Мурдагы финалдарда «Барселона» эки жолу жеңишке жеткен, ал эми «Реал» - бир жолу.

«Барселона» - «Атлетик» - 5:0 



«Реал» - «Атлетико» - 2:1 

VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: