Нурсултан Кенешбеков Россияда жарышта жеңишке жетти

Марина Онегина Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстандык спортчу Нурсултан Кенешбеков Россияда өткөн эл аралык жеңил атлетика боюнча мелдеште биринчи орунду жеңип алды.

7-январда Екатеринбургда Россиянын «Рождественские старты. Мемориал Э.С.Яламова» мелдеши өттү.

3000 метр аралыкта Нурсултан 13 башка атлет менен атаандаштык кылды.

Ал жарышты 7 мүнөт 57,66 секунд менен аяктап, жакынкы атаандашынан 7 секундго алдыга чыкты.
VK X OK WhatsApp Telegram