Кызыл-Октябрь айылындагы коргоосуз темир жол өтмөгү убактылуу жабылат
Кызыл-Октябрь айылында күзөтсүз темир жол өтмөгү убактылуу жабылат. ГП «НК «Кыргыз темир жолу»нын жол чарба бөлүмүнүн маалыматына ылайык, темир жолдогу оңдоо иштерине байланыштуу 4-мартта саат 10:00дөн 13:00гө чейин 3877 км пк-6,7 Быстровка - Жел-Арык участкасындагы өтмөк убактылуу жабылат. Бул убакта айланып өтүү 3880 км күзөтсүз өтмөктөн Саз-Булак айылынан уюштурулат.