Таласта Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик желеги күнү белгиленди

Наталья Маркова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Бүгүн, 3-мартта, Талас облусунда Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик желегинин күнүн салтанаттуу белгилешти. Бул тууралуу Turmushтун кабарчысы билдирди. 

Иш-чарага облус жана райондордун жетекчилиги, мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери, ошондой эле коомчулуктун өкүлдөрү катышты. 

Салтанат борбордук аянтта өтүп, мамлекеттик желек церемониялык түрдө орнотулуп, көтөрүлдү. Иш-чаранын катышуучулары мамлекеттик символго урмат көрсөтүп, анын көз карандысыздык, улуттук биримдик жана патриотизм белгиси экенин белгилешти.

Иш-чаранын алкагында өлкөнүн тарыхы жана мамлекеттик символдордун мааниси тууралуу сөздөр айтылып, жаштарды патриотизм рухунда тарбиялоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Мерекени концерттик программа коштоп, патриоттук ырлар жаңырып, тургундарга майрамдык маанай тартуулады.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: