Казакстан жана Өзбекстандын президенттери "Тынчтык кеңешинин" уставына кол коюшту
22-январда, Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында "Тынчтык кеңешинин" уставын кол коюу боюнча маанилүү церемония өттү. Иш-чарага мамлекеттердин лидерлери, ошондой эле Аргентина, Азербайджан, Армения, Бахрейн, Болгария, Венгрия, Индонезия, Иордания, Казахстан, Катар, Марокко, Монголия, Парагвай, Пакистан, Сауд Арабиясы, Түркия жана башка өлкөлөрдүн премьер-министрлери жана тышкы иштер министрлери катышты.