Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгүн реконструкциялоо үчүн жабат
Шаардын вице-мэри Рамиз Алиев билдиргендей, бул долбоордун алкагында жолдун өтүү бөлүгүн кеңейтүү, жаңы тротуарларды куруу, заманбап сугат системасын түзүү жана асфальт-бетон жабындысынын эки катмарын төшөө иштери пландалган.
Анын айтымында, бул иш-чараларды ишке ашыруу жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жөө жүргүнчүлөр менен автоунаа айдоочулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Жарандарды убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга, маршруттарын алдын ала пландоого жана айланып өтүү үчүн альтернативдүү жолдорду пайдаланууга чакырышат.