Таласта кызыл сызыктан чыгып кеткен тосмолор алынып жатат

Виктор Сизов Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
30-мартта Талас шаарында, А. Огонбаев көчөсүндө, кызыл сызыктан тышкары жайгашкан тосмолорду көчүрүү боюнча иштер башталды. Бул тууралуу Turmush агенттигинин кабарчысы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Талас шаарынын вице-мэринин жетекчилиги астында эки турак үйдүн тосмолорун көчүрүү үчүн комиссия түзүлгөн. Мындан тышкары, жайында калган алты фундамент алынып салынды.

Эскерте кетсек, 2025-жылы жергиликтүү мэрия бул аймактын тургундарын өз турак жайларын, тосмолорун жана дарбазаларын жылдыруу зарылдыгы тууралуу эскерткен.

Бул иш-чаралар шаарды көрктөндүрүүгө жана күчүндө болгон мыйзамдардын талаптарын аткарууга багытталган.
Объектилер
Спутник
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: