Токмокто «Унаа» мекемеси үчүн жаңы имарат курулат
Бул долбоордун максаты мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана жарандарга кызмат көрсөтүүдө ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев борбордун директору Тынычбек Саидов менен бирге учурдагы кырдаал менен таанышуу үчүн шаарга барды. Курулуш үчүн болжол менен 1 гектар жер бөлүнөт.