Бишкек шаардык мэриясы өткөн жылдагы мектептерге балдарды жаздыруу схемаларынын кабыл алынгыс экендигин эскертишти
Анын айтымында, "өткөн жылы ата-энелер балдарын башка адамдардын батирлеринде массалык түрдө каттап, же бир адамга ыйгарым укуу берүүгө аракет кылышкан. Бул маселе боюнча укук коргоо органдары ата-энелер жана мектептер менен иш алып барышты. Быйылкы жылы каттоо мыйзамдуулугун сактоо жоопкерчилиги ата-энелер менен мектептердин мойнунда. Биз директорлорго жана ата-энелерге өткөн жылдагы каталардын болбошу керектигине көңүл бурууну сунуштайбыз. Быйыл мындай учурлар болбойт деп үмүттөнөбүз, мектеп директорлору жагдайды көзөмөлдөп турушат", - деди ал.
Эскерте кетсек, өткөн жылы Билим берүү министрлиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте башталгыч класстарда балдарды мыйзамсыз электрондук каттоо учурларын көптөгөн жолу аныкташкан. Мисалы, №29 мектебинде 86 бала мыйзамсыз катталган.