
Сапарынын учурунда министр өндүрүштүк кубаттуулуктар менен таанышып, Жухайдагы ShuiFa Group корпорациясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун натыйжасында энергетикалык инфраструктура, анын ичинде заряддык станциялар жана электр энергиясын сактоо системалары боюнча кызматташтыкты караган өз ара түшүнүшүү меморандуму кол коюлду.

Мындан тышкары, Таалайбек Ибраев NUCL New Energy Tech компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Юлин Лян менен жолугушту. Сүйлөшүү учурунда жаңы технологияларды киргизүү жана Кыргызстанда заряддык станциялардын тармагын кеңейтүү перспективалары талкууланды.
Делегация ошондой эле электр транспортунун жабдыктарын өндүрүү менен алектенген Zhejiang Anfu Energy компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Заряддык станцияларды жеткирүү жана республикада технологияларды локализациялоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Минэнерго заряддык инфраструктураны өнүктүрүү экологиялык таза транспортту өлкөдө киргизүү үчүн приоритеттүү багыттардын бири экенин белгиледи.