Ошто жыл башынан бери балдар катышкан 14 ЖОЖ болгон

Яна Орехова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
26-мартта Ош мамлекеттик өзбек музыкалык-драматургия театрынын Бабур атындагы залында «Коопсуз кадам-жаркын келечек» («Безопасный шаг — светлое будущее») аттуу форум өттү.

Бул тууралуу маалыматты Turmush агенттигинин кабарчысы берди.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри, шаардык Ички иштер башкармалыгынын начальниги Дамирбек Исаков, ошондой эле ар түрдүү мекемелердин өкүлдөрү, мектеп окуучулары жана шаар тургундары катышты.

Форум жолдогу коопсуздук маселелерине арналган театралдаштырылган көрсөтүүлөрдү жана жол коопсуздугун жакшыртууга чоң салым кошкон жарандарды сыйлоо аземин камтыды.

Расмий маалыматтарга ылайык, Ош шаарында быйыл 14 бала катышкан жол кырсыгы болгон. Бул окуялардын натыйжасында 1 бала каза болуп, 16 өспүрүм жаракат алып, медициналык жардамга кайрылышты.
Объекттер
Спутник
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: