Кыргызстанда киберспортту мыйзамдаштырууну сунушташууда
Долбоордун негизги максаты — киберспорт (же электрондук спорт) үчүн мыйзамдык негиз түзүү, бул мелдештерди уюштуруу жана спортчуларды даярдоону камтыйт. Ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын эл аралык турнирдеги катышуусуна шарттар түзүү каралган.
Мыйзам долбоору киберспортту спорттун түрү катары расмий таанууну, мектептер жана студенттик лигаларды өнүктүрүүнү, ошондой эле улуттук командаларды түзүүнү да камтыйт.
Мындан тышкары, документте жашы жете элек адамдардын мелдештерге катышуусу үчүн эрежелер жазылып, ата-энелердин макулдугун алуу жана жаш чектөөлөрүнө ылайык келүү зарылдыгы көрсөтүлөт.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде, учурда Кыргызстанда киберспорттун жөнгө салынбай өнүгүп жатканы, турнирдтер жеке структуралар тарабынан уюштурулуп, мелдештерди өткөрүүнүн бирдиктүү системасы жана расмий курама командалардын жоктугу белгиленет.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери анын кабыл алынышы санариптик экономиканын өнүгүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана инвестицияларды тартууга жардам берет деп ишенишет.
Мыйзам долбоорунун текстине Жогорку Кеңештин расмий сайтынан таанышууга болот.
Киберспорт (электрондук спорт) — бул видеоюндар боюнча мелдештер, анда оюнчулар же командалар белгиленген эрежелер боюнча атаандашышат. Көптөгөн өлкөлөрдө бул спорттун түрү расмий таанылган, ал эми эл аралык турнирдтер миллиондогон долларлык сыйлык фонддоруна ээ.