Бишкекте жазуучу Михаил Булгаковдун юбилейин көргөзмө жана спектакл менен белгилешет

Наталья Маркова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Бишкекте жазуучу Михаил Булгаковдун юбилейин көргөзмө жана спектакл менен белгилешет
"Михаил Булгаковдун фантастикалык дүйнөсү" аттуу көргөзмө 27-мартта Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында, Тыныстанов көчөсү, 122 дарегинде ачылат. Бул тууралуу редакцияга келген пресс-релизден маалым болду.

Көргөзмөнүн уюштуруучусу россиялык тарыхчы жана просветитель Анна Эспарса болуп, Булгаковдун өмүрү тууралуу кызыктуу фактыларды бөлүшөт. Келүүчүлөр архивдик сүрөттөрдү, документтерди, анын китептеринин ар кандай басмаларын, ошондой эле анын чыгармаларына негизделген театралдык афишаларды жана фильмдердин постерлерин көрө алышат. Экспозицияда Булгаковдун юмору, фантастика менен байланышы жана "Мастер жана Маргарита" менен Чингиз Айтматовдун "Плаха" чыгармаларынын ортосундагы параллелдер ачылат.

Анна Эспарса ошондой эле театралаштырылган экскурсия өткөрүп, жазуучунун чыгармачылыгын сүйгөндөр арасында сыйлыктарды ойнотуп берет.

Экспозиция кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү болот, кирүү бардык каалагандар үчүн акысыз.

Ошондой эле, ошол эле күнү саат 18:00дө Орус драма театрында "Мастер жана Маргарита" спектакли көрсөтүлөт.

Спектаклге билетти театрдын кассаларынан же ушул шилтемеден сатып алса болот.

МаалыматАнна Андреевна Эспарса тарых илимдеринин доктору, культуролог жана Россиянын "Достоевский" онлайн-лекторийинин креативдик директору. Ал Россиянын белгилүү маданият жана тарых ишмерлери тууралуу бир нече просветительдик фильмдердин автору жана бир нече россиялык жана европалык университеттерде чакырылган окутуучу. Эспарса мурда Кыргызстанда өзүнүн автордук көргөзмөлөрүн көрсөтүп келген.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: