
Окуя кечинде Валиханов көчөсүндө болду. Патрулдук милициянын маалыматына ылайык, 16-17 жаштагы Toyota Camry унаасын айдаган айдоочу башкарууну жоготуп, жүк унаасына сүзүп кеткен.
Интернеттен алынган сүрөт
Алдын ала маалыматтар боюнча, жеңил унаа ылдамдыкты ашырып бара жаткан. Авария болгон учурда унаада беш өспүрүм болгон: үч жигит жана эки кыз.
Алардын төртөө ар кандай оордуктагы жаракаттарды алып, медициналык мекемелерге жардам алуу үчүн жөнөтүлгөн. Учурда болгон окуянын бардык жагдайлары аныкталууда.