
Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан эски базарды бузуу иштерине старт берилди. Мэриянын басма сөз кызматы бул окуя тууралуу маалымдады.
Бузулган соода жайларынын ордунда заманбап коомдук мейкиндик, анын ичинде жашыл зона, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор жана дарыянын жээгинде веложолдор түзүлөт деп пландалууда.
Келечекте бул аймак тарыхый-туристтик зонага айландырылып, шаар тургундарына жана конокторуна жагымдуу болот.