
Нооруз майрамы менен кыргызстандыктарды жана өлкөнүн президентин эл аралык уюмдардын жетекчилери куттукташты.
Президенттин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, куттуктоолор Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевден жана Жамааттык коопсуздук келишиминин уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыковдон келип түшкөн.
Алар мамлекет башчысына эң жакшы тилектерин билдиришип, анын бекем ден соолугун жана бакубатчылыгын, ошондой эле Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү каалашты.