Иш-чаранын уюштуруучулары анын максаты — кыргыз маданиятын, тарыхын жана салттарын жаштар арасында популяризациялоо экенин белгилешет.Иш-чаранын маанилүү бөлүгү EPOS долбоорунун сунушталуусу болот — жаш муунга тарыхый окуяларды жакшыраак түшүнүүгө жана өз өлкөсүнүн маданияты жөнүндө билимдерин тереңдетүүгө жардам берүү үчүн иштелип чыккан интерактивдүү оюн.
Иш-чаранын алкагында EPOS демо-зонасы иштейт, анда катышуучулар оюндун демо-версийсын сыноо, иштеп чыгуучуларга суроолорду берүү жана комментарийлерин калтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Иш-чара 21-мартта саат 17:00дө Asia Mall'дун үчүнчү кабатында башталат жана бардык каалагандар үчүн жеткиликтүү.