Нарын шаарынын тез жардам кызматкерлерине жаңы форма берилди
Шаардык кызматтын улук фельдшери Жылдыз Тежибаева жаңы форманы администрация бергенин билдирди. Комплектке жазгы жана кышкы формалар, ошондой эле айдоочулар үчүн жаңыланган формалар кирди.
«Бизге жалпы 35 комплект форма келди. Биздин бөлүмдө 36 адис иштейт: 14 фельдшер, 14 айдоочу, 7 интерн жана 1 жетекчи», — деп тактады ал.
Жылдыз Тежибаева тез жардам кызматында үч бригада уюштурулганын, алар Нарын шаарын гана эмес, Нарын районунун чектеш айылдарын да тейлээрин кошумчалады.
«Эң алыс чакыруулар Эки-Нарын айылынан келет. Биз ошондой эле 8-Март жана Учкун сыяктуу алыс жайгашкан калктуу пункттарга да чыгабыз. Биздин команда ар дайым айылдык райондордун фельдшерлери менен байланышта болот», — деп белгиледи Тежибаева.