
Улуттук коопсуздук жумушчу жыйындын темасы болду
Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өткөн жумушчу жыйын коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн чогултту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирет.
Жыйын учурунда Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде учурдагы Ирандын окуяларынын фонуна карата азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук маселелери каралды.
Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү өлкөнүн стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштарды да беришти.
Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэйлерине тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.