
Иссык-Куль облусунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө аталган туристтик базанын мүлк комплекси 1997-жылы мыйзам бузуу менен жеке жана юридикалык жактарга өткөрүлүп берилгени аныкталды.
Мамлекетке кайтарылган объект. Генпрокуратуранын пресс-кызматынын сүрөтү.
Прокурордук аракеттердин натыйжасында "Кырчын" туристтик базасынын мүлк комплекси, анын баасы 501,0 миллион сомду түзөт, ошондой эле 11 гектар жер участогу мамлекеттик менчикке кайтарылды.