Ак-Сууда «Эң мыкты аталар» аныкталды

Евгения Комарова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Ак-Суй районунда Ата-энелер күнү — 15-мартка карата мыкты аталарды аныкташты.

Бул тууралуу Ак-Суй районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чара райондук деңгээлде өттү.

Анда мектеп менен тыгыз байланышта болгон жана үлгүлүү уул-кыздарды тарбиялаган аталар катышты.

«Ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу ролу өтө чоң. Баланын жашоосунун ар кандай тармактарында катышкан, ага социализациялоого жардам берген жана дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырган аталар аз. Анткени көпчүлүк аталар жумушта иштеп, бул жоопкерчилик көбүнчө энелердин мойнуна түшөт. Бирок, жумуш менен алек болгонуна карабастан, балдардын окуусуна көңүл буруп, алардын кызыкчылыктарын коргоп, тарбиялоосуна активдүү катышкан аталар да бар.

Мындай аталарды сыйлоо жана башкаларга үлгү көрсөтүү максатында мектептер менен биргеликте «Эң мыкты ата» иш-чарасын уюштурдук.

Анын жыйынтыгы боюнча Өмүрбек Асанов, Жаныбек Кудабаев жана Айбек Шабиев «Райондун эң мыкты аталары» деп табылды. Аларга ыраазычылык каттары тапшырылды», - деди Ак-Суй районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкери Адилет Стамов.
Объектилер
Спутник
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: