
Талас облусунда 12-мартта президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана курулуш, архитектура жана ЖКК министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу катышкан техникалык жыйын өттү.
Жыйында курулуштун учурдагы этаптары, ошондой эле кемчиликтерди жоюу жана жумуштардын сапатын жогорулатуу боюнча маселелер талкууланды.
Музейдин аянтын 400дөн 1200 квадрат метрге чейин кеңейтүү пландалууда. Жаңы долбоор имаратты бекемдөө жана аны заманбап санарип искусствосунун музейине айландырууну камтыйт. Жакынкы күндөрдө имараттын ичиндеги оңдоп-түзөө иштерине киришилет. Мындан тышкары, аймакта 300 орундуу заманбап конгресс-холл жана 1000 квадрат метр аянты бар эки кабаттуу административдик имарат курулат.



