
Бишкек жана Чүй облусунда азык-түлүк пакеттерин таратууга арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы маалымат берди.
Министрликтин маалыматына ылайык, акциянын алкагында 500 азык-түлүк пакети берилди, алар алдын ала тандалып алынган көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тапшырылды.
Бул кайрымдуулук акциясы Рамазан айында өткөрүлүп, Түркиянын кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен уюштурулду.
Эмгек министрлигинин өкүлдөрү жардам берген жана муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүчү социалдык инициативаларды колдогон бардык өнөктөштөргө жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиришти.