
Документ интернеттеги алдамчылыкка каршы отчетторду берүү талаптарын камтыйт.
Жогорку Кенештин жыйынында депутаттар интернет жана банк тармагындагы алдамчылыкка каршы чаралар боюнча долбоорду талкуулашты.
Депутат Медербек Алиев бул токтомдун демилгечиси болду.
Ал Министрлер кабинети, Башкы прокуратура жана Улуттук банк интернет-алдамчылыкка каршы жүргүзүлүп жаткан аракеттер боюнча ар үч ай сайын отчет берүү керектигин белгиледи.
Алиев банктын секторунда жаңы схемалар пайда болуп, миңдеген жарандарга олуттуу финансылык зыян келтирип жатканын баса белгиледи.
«Бул токтомго ылайык, тиешелүү мамлекеттик мекемелер банктын тармагындагы жана интернеттеги алдамчылыкка каршы күрөштү активдештириши, ошондой эле кырдаалды системалуу талдоо жүргүзүшү керек», - деп кошумчалады ал.
Талкуудан кийин депутаттар токтомду бир добуштан кабыл алышты.