Учурда 607 үй-бүлө контракт түзгөн, алардын көбү (341) агрардык секторго багытталган.
Арыздарды кабыл алуу уланууда.Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү 2026-жылы 13 333 муктаж үй-бүлө аталган программа аркылуу 150 миң сом алууга мүмкүнчүлүк алышарын кошумчалашты.
"Социалдык контракт" программасы 2022-жылы президенттин демилгеси менен башталган, ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган.
Башында жардамдын суммасы 100 миң сомду түзгөн, бирок 2025-жылдан баштап 150 миң сомго көтөрүлгөн. Контракт алган биринчи үй-бүлөлөрдүн арасында 14 үй-бүлө жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан.
Программанын катышуучуларынын 94,2% аялдар, негизинен айылдык жерлерден. Программаны ишке ашыруу аркылуу 57 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлгөн.
Башкы беттеги сүрөт: Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.