Бишкекте жылуу болот: 18-мартта жаан жаашы мүмкүн
12-марттан баштап Бишкекте температуранын жогорулашы байкалууда. Бул маалыматты Кыргызгидромет кызматынан «Кабар» агенттигине беришти.
Синоптиктер 12-17-март күндөрү борбордо жаан-чачын күтүлбөйт, бирок 18-мартта жаан жаашы мүмкүн деп болжолдоодо.
Келечектеги күндөрдүн аба ырайынын алдын ала болжолу төмөнкүдөй:
12-март: түнкүсүн -11…-13°, күндүз -1…+1°;
13-март: түнкүсүн -6…-8°, күндүз +1…+3°;
14-март: түнкүсүн -4…-6°, күндүз +5…+7°;
15-март: түнкүсүн 0…-2°, күндүз +6…+8°;
16-март: түнкүсүн -1…+1°, күндүз +8…+10°;
17-март: түнкүсүн +1…+3°, күндүз +10…+12°;
18-март: түнкүсүн +2…+4°, күндүз +10…+12°.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Ушул жумада суук түшүп, жаан-чачын күтүлүүдө. Кыргызгидрометтин облустар боюнча шолу
Синоптиктердин болжолуна ылайык, 11-февралдан баштап, жума соңунда Кыргызстанда температуранын...