
Депутат мандатын ыктыярдуу түрдө тапшыруу жөнүндө арыз берди.
Жакында өткөн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевдин ыйгарым укуктарын эрте токтотуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу БШКнын өкүлдөрү билдиришти.
Чечим депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө тапшыруу боюнча өзүнүн арызына жооп катары кабыл алынды.
Натыйжада, депутат Куванычбек Конгантиевдин күбөлүгү жараксыз деп табылды.