
Өткөн суткада Кыргызстанда 7 өрт кырсыгы катталды, бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады.
Министрликтин маалыматына ылайык, эң көп кырсыктар Ысык-Көл облусунда жана Бишкекте катталды — ар биринде 3 окуя, ал эми Нарын облусунда 1 өрт катталган.
Мындан тышкары, куткаруу кызматы 1 жолу жардам көрсөтүү үчүн чыкты.