
Бишкектеги Тимирязев көчөсүндө бир турак үйдө өрт чыкты.
Куткаруу министрлиги берген маалыматка ылайык, өрт тууралуу сигнал 15:28де келип түшкөн, өрттү өчүрүү үчүн эки өрт өчүрүү бригадасы жөнөтүлгөн.
15:51ге карата отту локализациялоого жетишилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, күйүүчү жайдын аянты 250 чарчы метрди түзгөн. Өрт өчүрүү учурунда күйүүчү-майлоочу материалдар жана колдонулган майлар менен толтурулган контейнерлер табылган.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.